Кайын агам уруп, жолдошум менен  ажыраштырды…

Кайын агам уруп, жолдошум менен ажыраштырды…

31-тогуздун айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Бугумду ак баракка түшүрүп, гезитке чыгарайын деп чечтим. Жолдошум окуп калса баарын түшүнүп, кечирээр. Мектепти бүтөөрүм менен эле коңшу айылга ала качып кетишти. Жолдошум менен көшөгөдө таанышкам. “Таш түшкөн жеринде оор” деп артымдан кууп келген жеңелерим кетем дегениме карабай, отургузуп, кудаларынын сый-урмат көрүп кетишти. Ошентип турмуш туткасын кармадым. Жолдошум бир үйдүн кичүүсү, аябай жоош, момун. Мал баккандан башка колунан эч нерсе келбейт. Мени болсо айыл өкмөтүнө ишке орноштуруп коюшту. Тиги, бул жакка кагаз ташыйм. Болгон жумушум ошол. Айыл өкмөтү мага тийишип, көз артып жүрдү. Жаңы жыл жаңыраардан күн мурун дасторкон жасап, баарыбызды сыйлап, машинасы менен үйүбүзгө жеткирди. Эң артында мен түштүм. Түңкү саат 11 эле. Мени жолдошум күтпөй эле, кайын агам күтүп жатыптыр. Эшиктен кирээрим менен жаакка чаап жиберди. Мындайды күтпөгөн жаным жаагым ысып, аны жалдырап карап эле отуруп калдым. “Эмне телмиресиң? Сен инимдин көзүнө чөп салдың”,-деп кыйкырганда төркү үйдөн кайын энем, кайын эжелерим чуркап келип, ажылдап киришти. Мени сойку кылып салышты. Жолдошум болсо үн-сөз жок эле туруп берди. Туруп баратсам артымдан бирөө тепкендей болду. Жыгылып барып жалт карасам, кайын агам экем. Кайын эжем: “Азыр чыгып кет!”,- деди. Таң эрте кетейин деп жалдырадым. Таң атканча кирпик какпай, ыйлап чыктым. Андайда таңдын атмагы да азап болду. Жолдошум эч нерсе деген жок. Ары карап жатып, коңурук тартып, таттуу уйкуга кетти… Ошентип таң атты. Супа садык чалганда үйдөн чыгып кеттим. Себеби, кайын агамдын чоң муштумунан, кайын эжелеримдин ажылдаганынан коркуп калдым. Кайын энемдин беш колунун тагы бетимде калыптыр. Жаагым шишип, аябай оорутту… Көчөдө ыйлап кетип бараттым… Жалгыз… Эч бир жан жок. Таң атпай транспорт да жүрбөйт да. “Ала качып алып ушуну кылат беле? Неге жолдошум унчукпай отуруп берди? Неге кайын энем мага болушкан жок? Неге кайын агам мага кол көтөрөт?”,-деп өзүмө өзүм суроо берип, жооп таба албай, ыйлап бараттым. Айылдын аягына чыгып калганда, “Айка” деген тааныш үн чыкты. Карасам айыл өкмөтү. Күйбөгөн жерим күл болду. “Эми бул кайдан чыга калды? Эми өлбөдүмбү, такыр эле жармаштырышат турбайбы. Актыгымды эми кантип далилдейм? Түндө жеткиргени аз келгенсип, таң атпай кайдан чыга калды?”,-деп ичимден жинденип жаттым. Ал аңгыча ал колумдан кармап, машинага отур!”,-деди. Араң турган жаным ага аябай кыйкырдым, “сиздин азабыңыздан күйөөм менен ажыраштым”,-деп. Ал эч нерсе түшүнбөй туруп калды. Бир машина келаткан экен, тигиден кутулуу үчүн аны тосуп, шашып түшүп кеттим. Машинанын артында эки мас киши отуруптур. Шопур да кызуу. “Эми өлбөдүмбу?! “Шашкан шайтандын иши” деген ушу да деп эшикти ачып секирейин деген арам ойго жетелендим. Машинадагы үч киши “биз мас болгонубуз менен андай пастыкка барбайбыз. Коркпо!” дегенде барып өзүмө келдим. Алар жакшы сүйлөп, үйүмө жеткирип коюшту. Ошентип, энемдин жүрөгүн түшүрүп таң атпай үйүмдүн босогосун аттадым. Кебетемди көргөн апамдын оозунан Алласы түшүп калды. Баарын айтып берсем, аябай ачууланды. Аларды сотко берем деди эле мен болбой койдум. Ошентип күндөр өтө баштады. Кош бойлуу болуп калыпмын. Төрөдүм. Уулдуу болдум. Ушак кетти… Ушактан тажап Бишкек шаарына келдим. Тигүү цехинде иштеп, баламды бактым. Андан бери жети жыл өтүптүр. Балам 1-класска барганы турат. Сүйүнүп атам. Атасы бир басып келген жок. Атасына опокшош. “Менин атам кайда?”,-десе эмне деп түшүндүрөм деп ичимден сыздап турам…

 

Булак: “Ачык сөз”