Кайненем «сен мени өлтүрөйүн деп тамагыма уур кошуп берип атасын» деп…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсыздарбы. Турмушга чыкканыма 6жыл болду, 6жылдан бери кайынжуртга кызмат кылып келем. Кайненем диетада, 3маал тамак жасайм, анан тамактары дагы убак-саатында берилиши керек. Кээде 7.30чейин уктап калсам аябай уруш укчумун, 3балам бар. Балдарымды тамак жасап жатканда карашпайт. Кайненемдин атасын дагы карадым, дааратканага туура эмес барып колго жууган күндөрүм болгон, атама дагы ысытпай свежий жасап бер дечү. 3 балам менен которуп жүрүп кызмат кылып жүрсөм кечээ Ден-соолугу начарлап ооруп калды. Анан сен менин тамагыма уу кошуп берип мени өлтүрөюн деп жатасын дебедиби. Аябай таң калдым, миң түш көрсөм дагы ушинтип ойлонот деп такыр ойлобопмун. Көрдүңүзбү көзүңүз менен десем жок дейт. Бирок сенин эле тамагыны ичсем неге ооруйм, сен эле мени өлтүрөюн деп жатасын дейт. Ушул сөздү укканда мага баары бир болуп калды. Эрте менен тура алчу эмесмин 3-балам эми бирге чыгат, түнү менен уктабай чыгат, күндүзү уктайын десен тамак жасап тиргилик кылыш керек болот. Ошентсе да эрте менен туруп тамагын берчүмүн. Ошол сөзүн укканда баары бир болуп турбай жатам. Бир ай болоюн деп калды. Күйөөм жини келип, анда мен дагы сени бакпайм,балдарды карап үйдө отурасын, я тебе ничего не должен дейт, вообще акча бербейм дейт. Айткылачы кимдики туура?

Аргумент.kg