Кайненем күйөөмдү кызгана берет. Эмне кылсам?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсызбы сураныч чыгарып бериңизчи. 25 жаштамын, турмушка чыкканыма бир жыл да боло элек. Ооба билем кеч турмушка чыктым.Жолдошумдун экинчи жубайы болуп тийдим. Турмушка чыгаарда жолдошум айткан биринчи турмушум менен ушундай ажырашып кеткенбиз,ортобузда бир балабыз бар деп. Мен анын баарын билип тийгем.. Бирок менин көйгөйүм кайын энем.. Мени биринчи аялы менен салыштыра берет.Ал мындай болчу сен мындай экенсиң дейт. Жолдошум үй бүлөдө жалгыз бала. Апам баласын кызгана берет, мен анысына деле макулмун. Жолдошумдун мага кылган мамилеси эң эле жакшы болчу. Бирок апам мени жолдошума жамандай берет экен, акыркы күндөрү экөөбүздүн мамилебиз муздап кетти. Жолдошум үйгө түнөбөйт.. Ажырашалы деп көп айта баштады.. Үйдө күнүгө уруш. Мен ушунун баарына унчукпай чыдап келатам, бирок менин да сабырым түгөнүп баратат, жашагым келбей калды. Менин да 5 айлык боюмда бар, нерв болгонумдан ичим түйүлүп буттарым тырышып калып атат.. эмне кылсам мага кеңешиңизди айтып коюнуздарчы..Баардык үй бүлөдө ушундайбы же бизде элеби?

Аргумент.kg