Кадыр Кошалиев: “Мындай Өкмөт башчы менен Кыргызстан өнүгө албайт”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мындай пикирин «Кыргы жолу» коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев билдирди.

“Айтпайын десең да айттырат!

КРнын Министрлер кабинетинин төрагасы А.Жапаровдун ээрге олтурганына деле түзүк эле  убакыт болуп калды. Дүйнөлүк практикада мамлекеттик ишмерлердин ишинин алгачкы 100 күндүгүнө карата коомдук  баа берүү салтка айланган.

Дегинкиси мамчиновниктин элге пайдасы тийип түзүүчүлүк жагында болобу, же бийликтин рычактарын колдонуп жеке кызыкчылыгына ыктап, талкалоочу жолго түшөбү… алгачкы 3 айда эле айгине болот. А.Жапаров канча жолу депутат болду, министр, азыр болсо Өкмөттү башкарып жатат. Баскан изин карап көрсөк, өзүн жакшы көрөт, өмүр бою ишкерлик кылбаса да үй бүлөлүк бизнеси кудайга шүгүр.

Мамлекеттик маселеге келгенде эле “Кыргызстандын ар бир облусун чет өлкөлөргө бекитип бериш керек. Казинолорду ачсак бюджетти толтурат. Аэропортторду сырткы башкарууга беребиз” — деген сыяктуу арты кооптуу ойлорду биринин артынан экинчисин чубуртуп саймедиреп келет.

Мындай Өкмөт башчы менен Кыргызстан өнүгө албайт. Кеч боло электе Президент Садыр Жапаров туура чечим кабыл албаса, кийин тилди тиштеп өкүнгөн менен пайда жок. Бул жеке маселе эмес, жумурай журттун тагдырына байланыштуу уңгулуу маселе болгондуктан, айтпайын десем да көөдөндөгү бир күч айтууга аргасыз кылгандан улам, атуулдук парзымды аткарып, өз пикиримди  коомчулуктун таразасына салдым.

Калыстык үчүн айта кетели Акылбек мырзанын өзүнө жараша күчтүү сапаттары бар, аны менен жеке адамдык мамилем  жакшы, ошентсе да “Платон менин досум, бирок чындык андан кымбат” — деген да сөз бар эмеспи!”, — деп белгилеген Кошалиев.

 

Аргумент.kg