«Качанаак» Таластын губернатору Дарданов бийликтин келечектеги кайгысы

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ушундай. Талас облусуна жаңы дайындалган губернатор Нурлан Дардановдун арты таза эмес. Өткүрбек Жамшитов менен аймактарда ээрчише иштеп жүрүшүп, акыры бири башкы прокурор, экинчиси орун басары болгон. Сооронбай Жээнбековдун ишенимдүү мыйзам бузуучулары эле. Башкасын айтпасак да, Батукаев жана Кой-Таш окуясын тергөөдө Нурлан Дарданов шефтерине жагынып, бир жактуу басым жүргүзүүгө салым кошкон. Кылмыш иштерин «чампалап», сотко өткөрүүгө из салган… 2020-жылдагы Октябрь төңкөрүшүндө Өткүрбек Жамшитов менен Нурлан Дарданов кызмат ордуларын таштап, качып кетишкен. Мыйзам көзөмөлдөөчү органдын башында турган эргулдар чоң шек жаратышканы ырас. Тилекке каршы, кадр саясатынан тазаланууга бийлик бара албай, «эски тырмоочту» басып отурат. Нурлан Дардановдун Талас облусу боюнча президенттин өкүлү болушу — келечектеги кайгыдан коңгуроо кагат. Себеби, кечээ эле Сокени ушундай кошоматчылар, мыйзамды тебелеген «желмогуздар» жардан ары түртүп жиберүүгө салым кошушканы факт. Ток этери, өткөн катачылыктардан сабак албайт экенбиз да. «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg