Кабинеттен калкка карай кадам сал, Жаныбеков!

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Креслодон көчүгүн албай, ал орундан турса эле кимдир бирөө отуруп алчудай сезген министрлерибиз ансыз деле арбын. Кабинетте эле отура берип, калк талабын унутуп калгандар да бар. Айталы, Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков министр болуп келгени аймактарды бир сыйра кыдырып чыкканга жараган жок. Министр катары жыйындарга эле катышканын көрбөсөк, башка жерден көрбөй калдык. Күз айында айыл элин аралап, быйыл түшүм кандай болду, дыйкандар кантип атат деп абалын сурап койсо жарашмак да министр катары. Аскарбек мырзаны министр кылып алып келе жатышканда “апендинин кызындай” макташты эле. Ишеним артышып. Азыр ошол ишеним арткандардын өздөрү баш болуп нааразы болуп атышат Аскарбек Сапарбековичтин иштегенине ичтери чыкпай. Министр кабинеттен чыгып өлкөнү түрө кыдырса, калк араласа, бир топ көйгөй жеринде чечилип калат эле да, кашайгырдыкы.

Булак:Де-Факто

Аргумент.kg