Үйлөнөрдө сүйлөшкөн кызымдын эки баласы күйөөсү бар экенин билдим

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Аргумент.кж» сайтына кээде мырзалар да кат жазып, турмуштан алган сабактарын башкалар менен бөлушуп келишет. Болгону алар редакцияга чалып сурагандарга даректерин бербөөну жана аттарын таптакыр жазбоону суранышат. Бул жолу бизге кат жазган мырза бул окуя мындан беш жыл мурун болгонун да жашырган жок.

«Досумдун туулган күну болуп аны кафеде белгилеп калдык. Жалан балдар отурган элек. Биздин катарлаш столдо жалан кыздардын компаниясы отурду. алар да бир нерсени белгилеп жатышкан окшойт. Ошентип алар менен таанышып, чогуу бийлеп калып жаттык.  Ал жерде адамдын тилин бат тапкан ак жуумал кыз жагып калды. Таанышып, кийинки күну да жолугуштук. ошентип биздин жолугушуулар, эсте каларлык жакшы күндөр өтө берди. Билинбей эле эки жылдан ашуун жакын мамиледе жүрүптүрбүз. Ата-энесинин карамагында турганын алар катуу кармарын айтып саат жетиден кечикпей үйүнө кетчү. ошентип үйлөнө турган да кун келди. Ага айтсам ойлоноюн деп койду. Бир айдан кийин гана мага: «Күйөөм эки балам бар. Күйөөм өзүмдөн 16 жаш улуу, аны менен жашагым келбей жүргөн бирок балдарымды таштай албай койдум»-деп айты. Бул мага катуу сокку болду. Тапканымды ага ташып, күн-түн ал деп аракет кылып жүргөн кундөрум кайда калды. Ата-энем да тойго даярданып алышкан эле. Аларга сүйлөшкөн кызым баш тартты тапканыңарга үйлөнөм «-деп айттым. Тез эле аяш атамдын кызын таап мага жолугуштуруп үйлөнтүп койду. Башында колуктумдун жактырбаганым менен азыр ансыз жашоом жок экенинен түшүндүм «-деп жазган катында атын жашырган мырза.

 

Аргумент.kg