«Үйгө жакындап калганда жол кырсыгына кабылып, эки буту жанчылып үзүлүп кеткен»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мас абалдагы балдардын унааны катуу башкарганынан улам жол кырсыгына кабылган жарандын буттары үзулуп кеткен. Жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келбе каза болгон. Бул тууралуу окуянын чоо жайын Турмуш.кж сайты маркумдун кызынын билдирүүсүнө таянып чыккан.

Маалыматта, кырсык Сокулук районунун Белек айылынан катталган. Экинчи унаадагы 1957-жылкы Жеӊишбек аттуу жаран  жандандыруу бөлүмүндө 28-сентябрда каза болгон.

Бул окуя тууралуу кызы Зарина Кыдыралиеванын айтымында, атасы үйгө жакындап калганда кырсыкка кабылган.

«Сокулук айылынан Белек айылындагы үйгө келе жатып, 5 мүнөттүк жол калганда кырсыкка кабылды. Жогору жактан келе жаткан «Ауди» каршы тилкеге чыгыптыр. Андан атам болушунча качканга аракет кылып, рулду жол жээкке буруптур. «Ауди» үлгүсүндөгү унаа токтогондон кийин тахометр 120 болуп турган. Аны 1992-жылы туулган жигит башкарып бара жатыптыр. Жанында 2003-жылы туулган бир тууган иниси бар экен. Экспертизадан айдоочу мас абалда болгон деп чыкты. Атам кырсыкта оор жаракат алыптыр, эки буту жанчылып, үзүлүп кетиптир», — дейт.

Аргумент.kg