Эрулан Кокулов: «Милиция кызматкерлеринин билим сапаты төмөн»

Эрулан Кокулов: «Милиция кызматкерлеринин билим сапаты төмөн»

11-жалган куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Депутат Эрулан Кокулов  Ички иштер министри Улан Ниязбековго милиция кызматкерлери мыйзамдын үстүндө иш алып бара албайт деп сын айтты.
«Менин суроом «Не сахар» долбоору боюнча. Кечээ долбоордун съемкалары болуптур. Кыргызстанда мыйзамдар туура жана так жазылган. Бирок, иштебейт. Келген милиция кызматкерлеринин биринин күбөлүгү жок, адамдар менен орой сүйлөшөт. Көп мыйзамдарды билишпейт. Анткени мен ал нерсени өзүм көргөм. Ушул боюнча Ички иштер министрлигине кайрылуу, кадрлардын билимин көтөрсө жакшы болмок», — деди Кокулов.