Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 18-мартта түз эфирде билдирди.
19-мартта Кытайдан 150 миң дозалык «Синофарм» келиши күтүлөт. Бул 75 миң адамга туура келет. «Спутник V» да, «Синофарм» да келээри менен, биз калкты эмдөөнү баштайбыз. Экинчи жагынан, биз «COVAX» вакцинасын күтүп жатабыз. Кыргызстанга келген вакциналар менен эмдөөдөн өткөрөбүз. Улуттук эмдөө программасын иштеп чыктык», — деди Бейшеналиев.