Эркин Нурбаев Садыр Жапаровду дебатка чакырды

Активист, «Реформа» партиясынын мүчөсү Эркин Нурбаев президенттикке талапкер Садыр Жапаровду дебатка чакырды. Бул тууралуу ал 24.кг маалымат агенттигине билдирген.
«Акыркы саясий окуяларды эске алып, мен парламенттик башкаруу формасынын жактоочусу катары Конституциянын жаңы редакциясына каршы чыктым. Кечээ Садыр Жапаров январь айында бир маселе боюнча — президенттик же парламенттик башкаруу формасы боюнча референдум өткөрүүнү сунуштады. Анын оозунан чыккан ар кандай сөз эми акыркы чындык катары кабыл алынат. Бирок, ал жаңы Конституцияга каршы чыккандар эч нерсени түшүнбөгөн жаштар экендигин айтты. Эмне үчүнжалпы элдин алдында дебатка чыгып, ким туура ким туура эмес экенин көрсөтпөйбүз«, -деди Нурбаев.
Нурбаев Садыр Жапаров чакырууну кабыл алса аны менен дебатка чыгууга даяр экенин кошумчалаган

Аргумент.kg