Эреже сактабай, коронавирус жуктуруп алгандар өз каражатына дарыланат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ош шаары, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов элге  кайрылуу жасап, тургундарды ИИМдин кызматкерлери менен эмес, коронавирус менен күрөшүүгө чакырды.
«Урматтуу тургундар, коменданттык саат киргизиленден тартып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тынымсыз эскертүүлөрдү берип жатабыз. Эскертүүлөргө  карабай адамдардын  көчөгө чыгуусу көп болуп, көчөлөрдө унаалардын кыймылы үзүлбөй жатат. Эскертип коёюн, эгерде эрежелерди сактабай илдетке чалдыксаӊыздар өз каражатыңарга дарыланасыңар. Эрежелерге баш ийбеген жарандарга Жазык кодекси боюнча да жоопкерчилик каралган. 7 жылга чейин эркинен ажыратылып, 300-400 миң сом айып пул салынат. Мындан ары тартип катуу болот. Эскертүү берилбейт» — деди Малик Нурдинов. БУЛАК: ФАБУЛАПРЕСС

 

Аргумент.kg