Энесинин ур токмогунан үч жашар кыз баш сөөгү, тиштери сынып, колу күйүп каза болгон

Үч жашар кызын мыкаачылык менен өлтүргөн келин кызын сүйбөгөнүн мойнуна алган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта, окуя Казакстандын Петропавловск шаарында катталган. Келин кызын көргүсу келген эмес, кызыл эт кезинде балдар үйүнө өткөрүп жиберген. Көп өтпөй келиндин туугандары кызды өз камкордугуна алып балдар үйүнөн алып келип асырап келишкен. Ал эми кыз чоңоюп калганда өзү бага турганын айтып туугандарынан алып алган.  Жалгыз жашоого көнгөн келин кызынын чырына чыдай албай тарбиялоо ирээтинде уруп койгон. Кырсык болор күнү ал досу менен жолугуша албай калганына кызы күнөөлүү деп кызын мыкаалычык менен уруп чала жан кылып койгон. Кошуналарынын жардамы менен кыз ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер кичинекей кыздын баш сөөгү жана тиштери сынганын, колу күйүп, буттарын үшүк алганын айтып, кызды сактап калууга колдон келген аракеттерин жасаганы менен ал каза болуп калган.

Бул жолу келин жазадан качып кутула алган жок, сот ага 10 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Аргумент.kg