Эң чоң катачылыгыбыз – “дагы убакыт бар” деп жүрө бергенибиз.
02-баш оона, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваКыялдар укмуштуу же аткарылбас болуш керек… Болбосо, бул жөн эле эртеңкиге план болуп калат.
***
Мен чоңойбойт окшойм… Дагы эле кереметке, сүйүүгө жана жакшы адамдарга ишенем.
***
Сулуулугуң үчүн сүйгөн жокмун, карылыгың үчүн жаман көрүп калбайм.
***
Жандүйнөнү түшүнүп болбойт. Кайда экенин эч ким билбейт, бирок ооруганын баары сезет.
***
Сизге жолуккан адам жылмайгандай, сүйлөшкөн адам кичине болсо да бактылуу болгондой жашаңыз.
***
Кээде деги бир кызык жол менен жашоо өзүнөн-өзү жөнгө салынат.
***
Бакыт – ата-энеңдин саламаттыгы.
***
Башкаларды басынтып, жогорулай албайсың!
***
Эң чоң катачылыгыбыз – “дагы убакыт бар” деп жүрө бергенибиз.
***
Бар турмушка нааразы болуп жатканыбызды Кудай өзү кечирсин…
***
Көңүл калтырган адам менен мамилеңди териштирбе. Тынч гана ыпыр-сыпыры менен жалгыз таштап кой.
***
Ар кимдин өз көйгөйү бар – кимдир бирөөгө нан катуу болсо, бирөө үчүн бриллианты кичине. Болгон нерсени баалагыла!
«Азия Ньюс» гезити