Эмнеге күйөөгө тийгенден кийин коркок болуп баратам, кеңеш бергилечи?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсызбы! Менин суроомо да жооп алып бериңизчи сураныч? Турмушка чыкканыма үч жыл болду. Кыз кезимде аябай тың, аракетчил кыз элем. Эмнедегдир турмушка чыккандан кийин тартынчаак, өзүмө ишенбеген, коркок болуп баратам. Адамдар менен баарлашуудан качам. Туура эмес айтып алсамчы, деп сөз сүйлөгөндөн корком. Чүнчүп кеттимби билбейм. Мага башка адамдар мени теңине албай жаткандай сезиле берет. Жашоом кудайга шүгүр, күйөөм урбайт, ашыкча урушпайт. Ушул темпте кете берсем артта калып каламбы деп корком. Эмне кылышым керек?

Аргумент.kg