Эмне үчүн бүгүнкү бийлик Мадумаровду саясий аренадан четтетүүнү эңсеп жатат? Муну менен бийлик эмнеге жетишет?

Эмне үчүн бүгүнкү бийлик Мадумаровду саясий аренадан четтетүүнү эңсеп жатат? Муну менен бийлик эмнеге жетишет?

14-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева
Мындай пикирин фейсбуктун колдонуучусу Кылыч Шанаев жеке баракчасы аркылуу билдирди:
«Ар бир келген бийликтин баш ооруусуна айланган «Мадумаров» деген фамилия бүгүнкүлордун дагы кокосуна жетти. Бийликтин Парламенттеги «күн карама,кол бала» депутаттарын сүйлөтпөй будун-чаңын чыгарып жатат. Эч кимиси үн ката албайт! Себеби мыйзам,чындык Мадумаров тарапта. Ошон үчүн болсо керек түнкү саат 23:00 го чейин иштеп калышты. Буга чейин «боло берет» мыйзам эми «болбойт! Мыйзамдын чегинде гана» деген мыйзамга өттү. Бул жакшы көрүнүш. Бирок бул бийликке жана анын кол бала парламентине жаккан жок. Ээн эркин,каалаганда келип,каалаганда кетип жүргөн депутаттарга парламентти «эшек жайлоого» айлантууга жол берген жок.
Мадумаров турганда бул парламенттен эч кандай мыйзамсыз,арам иштер болбосун бийлик түшүндү. Эң туура жолу жана бирден бир жолу аны саясий аренадан жок кылуу. Кандай жол менен экени кызыксыз. Иши кылып сабатсыз парламентке мешайт жетпесе болгону.
Мадумаров менен эч кандай соодалашуу мүмкүн эмес. Буга чейин дагы далай кызматтарды сунуштап,сүйлөшүү жолдорун издеп көргөн. Бирок майнап чыкпаган. Чыкпайт дагы.
Бүгүн карапайым элдин талабын парламентте коргоп,колунан келишинче бийликке тиш кайрап жаткан жападан жалгыз саясатчы.
Ушул киши бар үчүн бийликтин бир топ элдин канын соргон пландары ишке ашпайт. Экономикалык кризис каптап келе жаткан учурда элдин эсебинен мамлекетти бутка тургузуу дан башка жол жок азырынча. Мына азыр «кассовый аппарат» деп,башты оорутуп жаткан салык мыйзамына каршы бүгүн парламентте ким каршы чыга алат?
Эгер Мадумаров парламентте турса ушуга окшогон маселелердин бирөөсү дагы өткөрүлбөйт.
Мадумаровду жок кылуу менен оппозициянын көзү тазаланат. Ошондо «өзүм билем ,өтүгүмдү төргө илем» саясаты күч алат. Каалагандай келишим,каалаган мыйзам,каалагандай саясат жүргүзүп калат. Мешайт эткен эч ким жок! Демек Кыргызстанда «диктатура орун алды» дей бергиле. Анан Текебаев айткандай жүгүнүп кирип,кол чаап чыгып каласыңар. Ошол керекпи?
Кыскасы Кыргызстанда диктатура орнош үчүн Мадумаровду саясий аренадан жок кылуу оюну старт алды.
Ушул киши жок болду дегиче диктатура орнойт окшоп калды.
Бирок буга калдайган калың эл жол бербейт!
От менен ойнобогула!»-деп жазды ал.