Эмне себептен улам балпайып калган аялга күйөөм кетип калды?
17-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваОн жылдан ашуун бирге жашаган күйөөм жакшынакай иштеп жүрүп эле өзү менен чогуу иштеген өзүнөн он жаш улуу аялга кетип калды. Үч бала менен батирде жашап жатам. Жалгыз адамга бир үйдүн түйшүгүн тартуу кыйын экен. Бирок “башка түшкөндү көтөрөм да” деп өзүмдү жооткотуп келем. Кызыгы, буга чейин ал аял күйөөмө түндө да чалып калчу. Бирок аялдын кебетеси күйөөмдүн апасындай болуп турса шектенбептирмин. Ал аялдын эки кызы бар, экөө тең турмушка чыгып, балалуу болуп калган. Менин сурарым, эмне себептен улам балпайып калган аялга күйөөм кетип калды?
Айнура