Эмилбек Каптагаев: «Жалан тыюу жакшылыкка алып барбайт, өнүгүүдө тыюу болбош керек»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Парламентте каралып жаткан маселелердин басымдуу бөлүгү тыу салуу керек болуп жаткандыктан коомду да дүрбөлөңгө түшурүүдө. Бул боюнча коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев өз пикирин жазып чыгып, өнүгүүгө кеткен жолдо тыюу салынбашы керек деген тыянакты чыгарган. «Ошо туугандар, тыюу салуу керек деген логиканы улай берсек, акыры барып Полиграф Полиграфович Шариковдун логокасына такалабыз, финалы «буржуйларды» атыш керек, «кулактарды» сүргүнгө айдаш керек, мал-мүлктүн бардыгын чогултуп туруп тең бөлүш керек деген болот… Ошого келет акыры барып. Өнүгүүдө «тыюу салуу» керек деген жол негизи эле туюк жол, жалаң тыюу жакшы жакка алып барбайт. Адамзаты «тыюу» дегенден башка дагы ЭРКИНДИК жана ЖООПКЕРЧИЛИК деген жолду билет, АДАМ ЭРКИНДИГИ деген эң жогорку баалуулуктардын бири, бирок эркиндик өтө жогорку деңгээлдеги жоопкерчилик менен бекемделүүсү шарт»-деп жазат ал фейсбук баракчасына.

Аргумент.kg