Эмилбек Каптагаев: «Таалатбек Масадыков өлкөдө экинчи адамга айланды»

Эмилбек Каптагаев: «Таалатбек Масадыков өлкөдө экинчи адамга айланды»

12-теке, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Мындай пикирини  коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев жеке фейсбук  баракчасына жазды.

«Коопсуздук Кеңешинин Төрагасынын орун басары деген кызмат орундун уюштурулушу, бул орунга эл оозуна илинип калган Талаатбек Масадыковдун дайындалышы туура чечим болду деп ойлойм.

Биринчиден Президент кошумча ресурска ээ болду, тегерегинде интеллектуалдык потенциалы бар, эларалык маселелерди түшүнгөн адам пайда болду, экинчиден, Масадыков мырза вице-президенттик ыйгарым укуктуу кызматка келди, өлкөдө экинчи адамга айланды, эми өз дараметин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алды. Иштин ийгилигин тилейли», — дейт коомдук ишмер.