Эмилбек Каптагаев: «Немец эли Гитлер деген желмогузду жаратып, нацисттик канкор бийликке жапа тырмак колдоо көрсөткөн»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мындай пикирин саясатчы Эмилбек Каптагаев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Коомдо «кантип эле ошондой болсун…?» деп айтуу, кайсы бир коомдук жана саясий процесстерди этибарга албай коюуга мүмкүн эмес экендигин аркы кылымдын 30-жылдарындагы Германия тарыхы таасын тастыктаган…

Учурдагы бизден дагы жогорку деңгээлдеги демократияга жеткен, жалпы маданияты бизден да өйдө турган немец эли Гитлер деген желмогузду жаратып, нацисттик канкор бийликке жапа тырмак колдоо көрсөткөн. Ал учурда бир эле киши эмес, же бир ууч бийликтегилер эмес, бүтүндөй улут акылынан айнып, сөздүн ачык маанисинде эле айтканда — жинди болуп калган. Анын кесепети адамзатка кандай тийгендигин, 30-40 миллион адамдын өмүрүн кырккандыгын, айрыкча еврей элин тукум курут кылуу аракети болгондугун, концлагер деген өлүм фабрикалары түзүлүп миллиондогон адамдар мешке жагылып, күлү жер семирткич катары жерге чачылгандыгын тарыхтан жакшы эле билебиз.

Бирок, тилекке каршы, адамдын акылы чолок, эс тутуму начар экен. Ага дагы азыр күбө болуп жатабыз, баягы эле «кайдан…?» деп мурдубуздан аркыны көрө албаган пендечилик… Адамдар кайрадан жиндичиликке баш уруп бара жатабыз…», — деп белгилеген саясатчы.

Аргумент.kg