Эмил Үмөталиев: “Оор акыбалдан чыгуунун жолу эгемендикте жана эркиндикте”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Доллар күн санап көтөрүлүп барат. Ансыз да баалар асмандап турганда, эми накта кымбатчылыкка кабылчудайбыз. Карапайым эл кантет?

— Абал начарлай берет. Ушундай абалга кептелерибизди мурда эле эскертип келгенбиз. Уккандар, түшүнгөндөр болгон. Кайдыгерлер да арбын. Уккусу келгендер мындан мурун эле даярданып, өз камдарын көрүп коюшкан. Россиянын саясаты жыйырма жылдан бери тымызын начарлап келатат. Өзгөчө акыркы он жылда өтө начарлап кеткен болчу. Ошол таризде экономика акыбалына жараша саясаты начарлады. Өзгөчө 2011-жылдан баштап эскерткенбиз. Бажы биримдиги ичиндеги эрежелер барган сайын начарлай берери белгилүү эле. Ошого кулак салгандар кичине камынып, коргонуу аракеттерин көрүп коюшкан. Калгандары азабын тартат. Баарыбыз кыйналабыз. Россиянын ичинде да акыбал абдан оор. Жакынкы аралыкта оңолбойт. Курс дагы түшө берет. Бирок баардык оор шарттарга даяр болушубуз керек.

— Бул кыйынчылыктан чыгууга жылчык жолдор барбы? Кантип абалдан чыгабыз?

— Жол бар. Ал – эгемендикте жана эркиндикте. Биздин арабызда “губернияга кошулабыз” дегендер бизди кулдукка түртүп жатышат. Алдап, жыргалчылыкты пропагандалап, сөз менен эле алдашууда. Фактыга таянсак, жыргаган киши жок. Орустар өздөрү деле майрамдап кеткен жерлери жок. Бизди кулдукка түрткөндөр пропагандага алданып, сугарылгандар, же орустун пенсиясын артык көргөндөр. Ал пенсия деле эртең фантик кагаз болуп калат.

Биздин жолубуз – Кыргыз Республикасынын эгемендигин коргоп, анын аркасында тың жашаган, тынч жашаган өздөрүнүн жарандарынын өмүрүн, укуктарын коргогон өлкө болуу. Эгемендиктен кийинки экинчи жол – бул эркиндик. Элдин эркиндигин коргосок, эл бизди багат. Ушунун арты менен ишкерлер бири-бирибиздин көйгөйүбүздү түшүнүп, эмнеге муктаж болуп жатканыбызды таанып, бизге керектүү товарларды, тейлөө кызматтарын жаратып, сөзсүз түрдө жердин кычыктарынан булак таап келүү. Ошентип биздин экономикадагы шарттарыбыз оңоло берет. Биз ишкерлерге эркиндик берсек, 2000-жылдардагы, 2010-жылдарга чейин болгон орто-кичине ишканалардын санын көбөйткөнгө аракет кылсак. Анткени биз бир кездерде 1990-жылдары өсүп келе жаткан орто жана чакан бизнестердин санын көбөйтүп алганбыз.

— 2010-жылдарга чейин ишкерликте жакшы өсүүлөр болгон экен…

— Жакшы өсүүлөр болуп, бирок 2010-жылдардан баштап бажы биримдигинин эрежеси жана Россиянын таасири менен ишкерлерди кысымга алып жатып, азыр орто-чакан бизнестер кыскарып, жок болуп кеткен. Ошолорду куугунтуктабай, эркиндик берип, ишкерлердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтсек, анда алар бизди бүгүнкү оор абалдан куткарат. Биздин жашообузга оң таасирлерин сөзсүз түрдө көрсөтө алат.

1990-жылдардан 2000-жылдарга чейин жакшы эле күүлөнүп кошуналарыбызга караганда өйдөрөөк ыңгайларды ар бир үй-бүлө таанып калган. Ошол мүмкүнчүлүктөрдү кайра курушубуз шарт. Ошентип эки маселе жол табат. Алар: өлкөбүздүн эгемендиги жана бизди баккан ишкерлердин эркиндиги.

Таза иштеген тейлөө кызматтарын жаратып жаткан ишкерлерге эркиндик берүү шарт. Мамлекеттин күчү чоң коррупционерлерге бурулуш керек дагы, майда ишкерлердин баарынын тизгинин коё берүү зарыл.

Жамиля Нурманбетова 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg