Эмдөөдөн өткөндөргө 10 гигабайт интернет берилет

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Коронавирустун 3-толкунунун туу чокусу өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, азыр калкты эмдөөдөн өткөрүү керек. «Азыр эмдөө иштерин тездетип жатабыз. Сентябрь айында окуучуларды салттуу түрдө мектепке кайтып келишин каалайбыз. Эмдөөдөн өткөндөргө 10 гигабайт интернет бонусу берилет. Кафе жана ресторандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эмдөөдөн өткөн зыяратчыларга жеңилдиктерди беришет. Тамак-аш тейлөө түйүндөрү мындай чараларга макул. Кантсе да, алар дагы кадимкидей иштегиси келет», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Аргумент.kg