Эльвира Сурабалдиева президент сунуштаган кызматтан баш тартканын айтып чыкты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мага Максат Мамытканов кеткен кызматты сунушташканда, баш тарткам. Бул тууралуу экс-вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева «Маралга»берген маегинде айтты.

Ал өкмөттөгү кызматынан кетер алдындагы күндөрү тууралуу айтып берди.

«Кызматтан кыскарардан бир жума мурун мамлекеттик резиденцияда Садыр Нургожоевичке жолугуп, 2 сааттай сүйлөштүк. Ал кезде менин саламаттыкты сактоо министри менен иштеше албасым баарына эле маалым болуп калган. Анын көз карашы башка, менин көз карашым башка болду. Мен толук кандуу реформа керек деп тургам, ал киши өз коллегаларын колдоп туруп алды. Сүйлөшүп отурганда президент: «Москвадан сунуш келди, ошол жакка барып иштейсиңби?» — деп калды. Ал убакта мен октябрь окуясынан кийин стресс болуп жүргөм, андан кийин парламентке барып да, коллегаларымдын жарымы менен урушуп чыккам. Анда да депрессия болдум. Мен өкмөткө келгенде кырдаал абдан оор болчу. Эртең мененки 8:00дө жумушка келсек, түнгө чейин иштечүбүз. 100 күн ошентип иштедик. Мен физикалык жактан чарчаптырмын. Ошондо президентке эс алып турайын деп айткам», — деди Сурабалдиева.

Аргумент.kg