Элмирбек Иманалиевдин жубайы: «Ал учурдун талабына ылайык китеп чыгарам дечү, анын айтканындай жасоого аракет кылдык»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

28-октябрда Кыргыз эл артисти маркум Элмирбек Иманалиевдин «Аманат» аттуу ырлар жыйнагынын бет ачар аземи өттү. Аземге мамлекеттик кызматкерлер, өнөр адамдары, акындын жакындары жана күйөрмандары катышты.
Иш-чарада Элмирбек Иманалиевдин жубайы Нурзат айым төмөндөгүдөй ойлорун айтты.

«Элмирбек өтө чоң талант эле. Аны элибиз дагы билет. Мындай таланттын артында чоң казына калат экен. Анан өзү дагы учурдун талабына ылайык кичинекей китеп чыгарам деп айтып калчу. Өзүнүн айтканындай жасаганга аракет кылдык. Китеп 1000 нуска менен чыкты.

Ал эми экинчи китеби Элмирбектин эртең мененки баталарын камтыйт. Анын таңы телефонду алып, жакындарына таңкы бата жөнөтүү менен башталчу. Бул баталарды биз элден чогулттук. Кыргызда бата сатылбайт эмеспи, ошондуктан ал биринчи китепке белек катары кошулуп берилет. Бул дагы 1000 нускада жарык көрдү.

Эми бул кишинин арбагы ыраазы болсун. Бул менен эле бүтүп калбайт. Бул кишинин казынасы көп. Азыркы чыккан китепте поэзиясы жана ыр курак деген саптары киргизилди. Алдыда обондуу ырларын нотасын салып чыгаралы деген жакшы оюбуз бар«, — деди акындын жубайы Нурзат айым.

Аргумент.kg