Элди иттей аттырган Кашкар Жунушалиев качан кармалат?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Акыйкаттан акыл калчап көрөлү. Кашкар Жунушалиев ИИМди жетектеп турганда саясый куугунтукту, коррупцияны өркүндөтүп, акча чогултуу менен күн өткөрүп калганын эстейсиңерби? Сокеге таянып алып, каалаганын камап, сурак кылып, сотко берип, айтор, чартаңбай тепкени, кабинетинен бекинип алып ичкени кийин гана ачыкталды го? Кашкар ушундай ыплас, кашаң адам экенин “Азия Ньюс” гезити убагында ташка тамга баскандай жазып, ченебеген күрөш салып, бир канча ирет соттошкон. Бул пекене бойлуу эргулдун былыктарын учурунда эле ачканбыз. Кой-Таштан элге күч колдонгону, кийин 4-5-октябрда төңкөрүшчүлөрдү иттей эле аттырганы унутулбас. Кылмыштары кекиртегине чейин жетип калса да, эмне үчүн бүгүнкү бийлик Кашкар Жунушалиевди эркелетип, аяп отурат? Эч түшүнүксүз! Кызмат абылынан далай кыянаттыктарды пайдаланганы ачык көрүнүп атпайбы…

“Азия Ньюс” гезити

Аргумент.kg