Элчи Садык Шер-Нияз: «Азыр бири бирине айкырып, колун кезеп жаткан саясатчылардын колтуктап басып калганын көрүп, жакаңызды кармайсыз»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Элчинин күндөлүгүнөн… —Урматтуу элчи сиз Орусия Украина чатагына кандай карайсыз. Жеке оюңузду айтсаңыз? — Сиз билесизби мындай акыбалда элчиде жеке ой болбойт экен. Анткени менин ар бир айткан сөзүм ал менин мамлекетимдин сөзү жана ою болуп эсептелинет. Ал эми менин мамлекетимдин позициясы даана айтылды: эки эл менен тең биздин тарыхий карым катнашыбыз бар ошондуктан биздин тилегибиз эки бир тууган эл баардык нерсени сүйлөшүүлөр менен чечсе эң туура жол болот эле. —Мм, тарыхий окуяга баары бир баа беришибиз керек да. —Аныңыз туура бирок тарыхты кыска карап жаткан жокпузбу? Бир 80 жыл эле артка кылчайып койбойлубу, бул тарых үчүн дегеле кыска аралык эмеспи. Анда кимдин орду кайсыл жерде эле. Ал эми бул жагдай жакында чечилет деп ойлойм. Жакшы жагына чечилет көрөсүз. Жакында биринчи өкүнүчтөр чыгат мына ошондо, тынчтык менен өнүгүү эмне экенин баарыбыз түшүнөбүз. Ошондо деле азыр бири бирине айкырып, колун кезеп жаткан саясатчылардын колтуктап басып калганын көрүп, жакаңызды кармайсыз. Ишенип коюңуз. Элчи Садык Шер Нияздын фейсбук баракчасынан алынды

Аргумент.kg