Элчи Идрис Кадыркулов: «Кагылышуу болгон Ирпин шаарынан эки үй-бүлөнү алып чыкты»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Украинадагы Кыргыз Республикасынын элчиси Идрис Кадыркулов согуш талаасы жүруп жаткан шаардан дагы бир кыргыз үй-бүлөсү коопсуз жайга жеткирилгенин жазып чыкты.

«Түн салыштырмалуу тынч өттү. Дагы бир жакшы жаңылык менен бөлүшкүм келет. Мен жогоруда айткан Днепр дарыясынын (Борисполь шаары) чыгыш жээгинен 3 күндөн бери жете албаган жаш балалуу аялды эвакуациялоого мүмкүн болду. Ал азыр Польшага аман-эсен жетти.

Ошондой эле кечээ кагылышуу болгон Ирпин шаарынан 10 адамдан турган 2 үй-бүлө жаш балдары менен керемет жолу менен качып кеткен. Аларга борборго барууга украиналык аскер кызматкерлери жардам беришкен. Учурда алар коопсуз аймакта.

Кыргызстандын элине ар кандай жардамды аябастан көрсөтүп жаткан Украинанын жарандарына ыраазычылык билдиргим келет. Дүйнө жакшы адамдарсыз эмес. Рахмат сизге!»-деп жазган фейсбук баракчасынан.

Аргумент.kg