Элчи Бекназаров суракка чакырылды
17-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваМалазиядагы КРнын элчиси Азимбек Бекназаров суракка чакырылды. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдиришти.
Маалыматта, элчи 2010-жылдагы Июн окуясы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары чакырылган. Өздүк булактардын маалыматында Бекназаров Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүндө 2010-жылдын июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча көрсөтмө берип жатат, анткени иш 2021-жылдын апрелинде жаңы ачылган жагдайлардан улам кайра козголгон.
Белгилей кетсек, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн курамында 14 адам болгон. Алардын арасында Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Азимбек Бекназаров, Дамира Ниязалиева, Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшебаев жана башкалар бар.