Эл өкүлү Бишкектин төрт районун кыргызча кылып өзгөртүүнү сунуштады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Депутат Айбек Алтынбеков Бишкек шаарынын мэрине Бишкектин төрт районун тең кыргызча кылып өзгөртүүнү сунуштады. Ал өз сунушун Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди. Анын айтымында, райондордун атын өзгөртүү, аларды кыргыз тилинде угузуу жагын караш керек.

Мэр Айбек Жунушалиев бул маселе боюнча азыртан эле сунуштар бар экенин, алар тартипке ылайык карала турганын айтты.

«Биз карап жаткан буйрукка ылайык, мыйзам чегинде чечим кабыл алынат», – деп кошумчалады ал. Эске салсак, азыр Бишкек төрт административдик районго бөлүнөт: Ленин, Биринчи Май, Октябрь жана Свердлов.

Аргумент.kg