Эл эмне үчүн “Ата Мекенди” тандайт?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 

4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, эл Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын тандайт. Партиялар шайлоо алдындагы  программаларын калктын сынына коюп, үгүт иштеринин аягына чыгып калышты. №6 “Ата Мекен”  партиясы  алыскы аймактарга чейин жетип, шайлоочулар менен жолугуушууларды уюштуруу жагынан башкаларды алдыга салган жок. Жарандар “Ата Мекенди” эмне үчүн тандайт?

 

Калабай Нусупов, Талас шаары:

 “Ата Мекен” – акыйкаттыкты туу туткан, ак иштеген абийирдүү партия. Көп жылдардан бери максатташ болуп, атамекенчилер менен бирге жүргөнүмө  быйыл 20 жылдын жүзү болду. Лидерибиз Өмүрбек Текебаевдин быйыл жаштарга жол бошотуу чечими чыныгы эрдик. Партиянын тизмеси  жаштар, жаңы  жүздөр менен толукталганы мени чыйралтты. Жанар Акаев, Эльвира Сурабалдиева, Наталья Никитенко, Рыскелди Момбеков, Баткен Шерниязов баштаган күчтүү команда болгон күч-дараметин жумшап, кыйналып турган Кыргызстанды алга сүрөп кетерине терең ишенем.

 

Дастанбек Саттаров,

Баткен  облусу Ак-Булак айылынын тургуну:

   “Ата Мекен” Кыргызстанагы эң туруктуу партия. Жаштарды, жаңы адамдарды катарына кошуп жатканы партиянын беделин дагы бир тепкичке көтөрүп койду. Жанар Акаев, Эльвира Сурабалдиева, Улан Жураев баштаган күчтүү жаштар бирикти. Алар жаңы идеялары менен мамлекетти алга сүрөп кете алаарына ишенем. Биздин аймактан чыккан Уланбек Мамразыков — билимдүү жигит. Өз аракети менен көп ийгиликтерге жетишти. Мигранттарды колдоо жаатында, кошуна өлкөлөр менен мамилелерди чыңдоодо үлгүлүү иштерди көп жасады. Ак иштеп, Кыргызстанга кызмат кыла турган азамат.

 

Элиза Абдалиева, Исфана шаарынын тургуну:

“Ата Мекен” принципиалдуулугу жана туруктуулугу менен башка партиялардан айырмаланып келет. Атамекенчилер өзгөчө идеяларга, демилгелерге бай. “Келечек жаштардын колунда” деген көрөгөчтүк менен Өмүрбек Текебаев лидерликти Жанар Акаевге бошотуп берди. Бул кадам кыргыз саясатындагыларга чоң үлгү болду десем жаңылыштык болбос. Жаштардын дараметине убагы келгенде баа беребиз. “Ата Мекендин” атынан  шайлоого аттанган талапкерлер — абдан тажрыйбалуу, билимдүү адамдар. Биздин облустун атынан да “Ата Мекен” менен чогуу аттанган улан-кыздарыбыз бар. Биз жаштарды колдоп алууга даярбыз!

 

Кадырбек уулу Эрзатбек. Алай районун тургуну:

Алай элинин жаштары “Ата Мекенди” колдоп, артында турабыз.  Эмне үчүн?  Анткени бул партия парламентке барса  мамлекет үчүн ак  кызмат кылааарын, алгылыктуу кадамдарды ишке ашыраарын билебиз. “Атамекенечилерди” баштап, жаш талапкерлереге үлгү болуп, жакшы мүмкүнчүлүктөрдү тузүп берип жаткан тажрыйбалуу  агаларыбызды колдойбуз. “Ата Мекен” шайлоодо утуп чыкса Кыргызстанда жакшы жылыштар болот.

   Сабиров Кайратбек. Сузак району, Ак-Баш айылынын тургуну:

“Ата Мекен” — түптүү партия. Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын колдоп,  карапайым калктын таламын талашып, кен байлыктарыбызды, улутттук баалуулуктарыбызды сактап калуу үчүн күрөшүп келген партиот депутаттардын дээрлик көпчүлүгү “атамекенчилер”. Менин жеке көз карашымда, бул партия шайлоо алдындагы  программасынын өтөөсүнө чыгууга мүмкүнчүлугү бар, анткени пландарын ишке ашырууга көзү жете тургандар чогулган. Жаштарга мүмкүнчүлүк беришүүдө. Партиянын атынан депутаттыкка аттанган жаш талапкерлер байлардын же чиновниктердин балдары эмес, өз күчү  менен өзүн  менен кайсы бир тармакта жигердүү иштегендер.

4-октябрда шайлоого катышып, туура тандоо жасаңыз. №6 “Ата Мекен” партиясына добушуңузду бериңиз!

“Ата Мекен” саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү. Чыгарылган күнү: 01.10.2020

 

Аргумент.kg