Экс-депутат Токтогул Туманов каза болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Экс-депутат Токтогул Туманов каза болду. Бул тууралуу Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев жергиликтүү маалымат каражаттарына тастыктады.
Маалым болгондой, Туманов 6-апрелде пневмониядан улам көз жумган. Дарыгерлердин айтымында, ал ооруканага түшкөндө абалы оор болгон.
Маркум 2018-жылы октябрь айында Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары кызматына дайындалган. 2010-жылы 10-ноябрда Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Аргумент.kg