Экс-депутат Аскарбек Шадиевдин соту уланууда

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиев шектүү катары каралган жараян өтүүдө. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады. Жараяндын жүрүшүндө кылмыш ишине байланыштуу күбөлөр суралып жатат. Сотко Шадиев менен бирге айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Арсен Закиров катышууда.
Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин аппаратынын эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси («Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу»), 350-беренеси («Документтерди жасалмалоо») менен кылмыш ишин козгоп, УКМКнын тергөө абагына камаган.
Акча кымырылып кеткен учурда комитетти депутат Аскарбек Шадиев жетектеп, акчаны алууну сураган кызматтык катка кол койгону аныкталган.
28-апрелде Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иш козголгон. 1-июнда УКМК Аскарбек Шадиев Тажикстанга өтүп, андан соң Нью-Йоркко (АКШ) учуп кеткенин кабарлаган. Мындан соң Шадиевге карата «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» жана «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренелери боюнча эки кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2-ноябрда Шадиевди депутаттык мандаттан ажыраткан. Бирок экс-депутат өзү кийин билдирүү таратып, өз каалоосу менен арыз жазганын четке каккан.

Аргумент.kg