Эки жашар наристени бешинчи кабаттан ыргытып ийген

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Аялы менен уруша кеткен эркек бешинчи кабаттан баласын ыргытып ийген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта, окуя Москва шаарындагы Шумилов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак жайда катталган.  Үйдүн бешинчи кабатынан эки жашар бала учуп тушкөн. Алгач ага жардам берген кошунанын айтымында бала денесинин баары ооруп жатканын айтып акыл эси ордунда экенин билдирген. Тез жардам келген учурда баланын абалы оорлоп эсин жоготуп койгон. Ал эми баланы ыргыткандан кийин атасы балкондон ылдый карап кошунасынын балага чуркагандан кийин кирип кеткенин байкаган. Тез жардам келгенден көп өтпөй баланын атасы из жашырып кеткен. Ал эми окуя болуп жаткан учурда баланын атасы аялы менен урушуп кеткен экен. Ал учурда аялы сыртка чыгып кетип, ал эми бала атасы жана чон апасы менен калган. Чоң апасы небересин уулунун колунан алууга улгүргөн эмес. Ошондой эле эки жашар наристенин чоң апасы 20 жылдан бери наркомания жана нерв ооруларын дарылоочу жайда иштегендиктен уулунан наркоманиянын белгилерин байкаганын жашырган эмес. Көп өтпөй кылмышкер ата эс алуучу жайдан кармалып убактылуу камоочу жайга киргизилген. Сурак учурунда анын акыл эси жайында эместей жооп берген.

Эмне себептен кармалдың?

Баланы терезеден ыргытып ийгеним үчүн.

Кайсы баланы?

Өз уулумду.

Кайсы терезеден ыргыттың?

Балкондон…

Канчанчы кабаттын?

Беш…

Ошондой эле калган суроолорго таптакыр башка жоопторду берген.

Ал эми дагы бир маалымат булактарында жубайлар баш кошконуна үч жыл болгонун белгилешип, кандайдыр бир заттын колдонушкан. Ошондон кийин уулу бир туруп күлүп, бир туруп ыйлап өзүн таптакыр башкача алып жүргөн. Ал эми уулунун абалын келинине айтса пиводон ууланып калды деп жооп кайтарган.

Учурда наристе комага тушүп жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ошондой эле денесинин 60 пайызы сынып катуу жабыркаганын дарыгерлер айтышкан.

Булак:argument.kg

Аргумент.kg