Эки жашар кыз унаа тебелеп каза болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Базар-Коргон районунда эки жашар кыз унаанын дөңгөлөгүнүн астында каза болду. Бул тууралуу  Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдиришти. 

Маалыматта, кырсык 11 -август күнү саат болжол менен 19.00 чамасында Аук айылында болгон. Анда 25 жаштагы айдоочу Honda унаасын жууп, ордун алмаштыруу максатында артка айдаган. Ошол учурда эки жашар жээни унаанын артында ойноп отурган. Кичинекей кызды дөңгөлөк тебелеп кеткен. Качан кыз чыңырып ыйлаганда гана айдоочу унаа менен тебелеп алганын түшунгөн. Ооруканага жеткилирип бирок кызды аман алып калууга мүмкүн эмес болуп калган. акырындык менен жылдырган. Качандыр бир убакта айдоочунун өз жээни дөңгөлөктөрдүн астында калган. Эки жашар кыз жаракат алып ооруканага жаткырылган, бирок аны сактап калуу мүмкүн болгон эмес. Бул окуя боюнча кыздын ата-энеси дооматы жок экенин айтышып арыз жазуудан баш тартышкан.  

Аргумент.kg