Эки жашар баланы эсин жоготкончо урган

Эки жашар баланы эсин жоготкончо урган

04-бирдин айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Кулагы сынып, денеси көгала болуп сабалган эки жашар бала ооруканага түштү.Бул тууралуу Чүй ОИИББ билдиришти.

Маалыматта, эки жашар бала Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарынан келип ооруканага жаткырылган.  Дарыгерлердин айтымында бала катуу токтоктон улам кулагы сынып, денесинин көп бөлүгү көгала болгон. Учурда жагдай иликтенип жатат.