Эгерде жашооңуз татаалдашып жатса, төмөнкү кеңештерге кулак түрүңүз!

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кээде жашоо сизге каарын көрсөтсө, айрым учурда кантип күндөй болуп ачылганын баамдабай деле калган чыгаарсыз. Жашоодо кара сызык каптаганда, өзүңүздү колго алып, өз жашооңузга түстүү, кооз боёкторду киригизгенге аракет кылыңыз.
Тажрыйбага ишениңиз
Жашоодо болуп жаткан ар бир көз ирмем, сыноолор сизди мындан да көп тажрыйбага ээ болсун деген багытта сыналып берилет.
Болгон ишти, болгондой кабыл алыңыз
Болгон ишти фактылар менен күчөтүп жибербестен, аны дал өзүндөй кабыл алган жакшы.
Ар дайым бир кадам жогору таштоо керек
Качан сиз жумушуңуз жүрбөй, иштериңиз оңунан чыкпай жатканын байкасаңыз, ал кырдаалды өзгөртүү мүмкүн экендигин эстен чыгарбаңыз. Ал кырдаалдан чыгуу үчүн, албетте бир кадам алдыга карай багыт алыңыз.
Колдоодон баш тартпаңыз
Эгерде сиз кыйын кырдаалга кабылып, үңүрөйүп турганда, жакындарыңыздан берген колдоодон баш тартпаганыңыз оң.
Жаркын маанайга көңүл бөлүңүз
Кандай гана кырдаал түзүлбөсүн, жалаң жаркын маанайда, жакшы ойлорду гана ойлонуңуз.
Жашоого жөн гана ыраазы болуңуз
Жашооңузда болуп жаткан ар бир учурга ыраазы болуңуз. Анткени сиз алдыда эмне боло тургандыгын билбейсиз.
Өзүңүздүн жашооңузду өзүңүз башкарыңыз
Жашооңуз кандай боло тургандыгын, бир гана өзүңүз башкара аласыз. Кантип чечим кабыл алыш керектигин, алдыга кантип умтулуу керек экендигин жана кайсыл жерде иштей тургандыгыңызды бир гана өзүңүз чече аласыз. Башкача айтканда, башкалардын кеңеши сизге кедергиси тийгизип калбагандай болгону оң.
БУЛАК: заман. кж
 

Аргумент.kg