Эдил Байсалов: «Азыркы Өкмөттүн сөзү элге да өтпөй калды»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Коомдук ишмер Эдил Байсалов менен жаңы жылдан кийин күчүнө кирген мыйзамдар тууралуу жана «кытайлар басып кетти» деген митинг тууралуу ой бөлүштүк.
-Эдил мырза, жаңы жылдан кийин күчүнө кирип, коомчулукта кызуу талкуу жаратып жаткан мыйзамдардын Атамбаевге тиешеси барбы?
-Бул кодекстердин кабыл алынышы Атамбаевдин элге каршы, элден айрылган, компентентсиз жана кутурган бийлигинин кесепети десем болот. Бул мыйзамдар эки жыл мурун эч талкуусу жок, бир добуштан кабыл алынган. Талкуулабай кабыл алган Жогорку Кеңештин күнөөсү. Мисалы, 1997-жылы кабыл алынган кодекстерди ошо кездеги депутаттар Байболов, Кадырбеков, Текебаев, Усенов, Мадумаровтор ар бир статьясын добушка салып атышып, бир канча айда бир канча окуу менен кабыл алышчу.  Булар болсо жөн эле бир заматта толугу менен жалпы юридикалык базаны өзгөртүп коюшту. Мунун баардыгы Атамбаевдин абийиринде. Негизги жоопкерчилик ушул кодекстер үчүн жооптуу эрке кыз Индира Жолдубаевада. Бул мыйзамдар үчүн ал «заслуженный юрист» наамы менен сыйланган.
Юридикалык техниканын көз карашы менен алсак, бул өтө сапатсыз жана чийки мыйзамдар. Биз Казакстан менен Россия союздашпыз, тыгыз жашап келебиз. Совет Союзунан калган административдик жана жаза кодекстердин архитектурасы бар. Булар аларды толугу менен четке кагып, бир заматта төңкөрүп-көңкөрүп коюшту. Кайдагы бир жаза жана айып пул категорияларын киргизишти. Административдик кодексти «бузуулар» деп атын өзгөртүштү. Эмне бузуулары? Өзүнчө «жоруктар» деп кабыл алышты. Украина менен Грузияны туурайбыз деп атышып, өмүрүндө милиса же прокурор болуп иштебеген чала эксперттер жүз миңдеген долларларды ОБСЕ, ПРООН сыяктуу уюмдарынан ушундай сапаты да чийки, мазмуну да тескери мыйзамдарды элибизге тааңулап коюшту. Анан жанагы Жогорку Кеңеш бир добуштан бекитип бергендери бул өзүнчө тема.
-Айтыңызчы түкүргөнүң үчүн 5 500 сом төлөйсүң деген айып пул акылга сыйарлык эле ишпи?
-Бул маселе дегеле өзүнчө статья болуп жазылганы да туура эмес. Какырынып-түкүрүүнү өзүнчө жазышыптыр. Анда эмнеге көчөдө даарат кылгандарды жазышкан жок. Ал эмне уруксатпы? Көрдүңүзбү? Мунун баары «хулиганство» деген эле статья менен кетчү маселер. Ошол статьялардын комментарийлери менен эле, же болбосо ИИМдин буйругу менен эле такталчу маселе. Анан түкүргөнгө 5500 сом экег. Мыйзамсыз жерди басып алып, үй салып, жер тилкеңди кеңейтип алсаң ал үчүн айып 1000 сом экен. Мындай мисалдар жүздөп саналат. Уят эле!
-Жол эрежесин бузган айдоочулардын айып пулун көбөйтүп койсо эле авария аз болобу же ал мыйзамды казына какшып калган үчүн айла жок киргизиштиби?
-Эми үмүт кылып туралы. Бирок мурда деле жол эрежесин окубай эле  праваны сатып алгандар же болбосо бийлигине көпкөн, мансабына чиренгендер бузчу да. Биз көрүп жүрөбүз го видеолордо. Алар милийсага баш ийишбейт. Маданияты, тартиби жоктор. Эми ошолордун правасын азыр милийса ала албай калды. Айып пулдун өлчөмү көбөйгөнү менен, байларга мурун деле ал проблема болчу эмес. Жол ылдамдыгы саатына 20 километрге чейин ашканга уруксат берип коюшту. Айып пул жакырлар үчүн эле бир чара. Бизде болсо байларды камап, кадимкидей көчө шыпырттырбасак мыйзамдан коркушпайт.
-Эдил мырза, Кыргызстанды кытайлар басып кетти деген митингдер улуттук кызыкчылыкты көздөйбү?
-Шинжандагы кандаштарыбызга зордук-зомбулук болуп атканы боюнча биз биринчилерден болуп айтып чыкканбыз. Ошол талабыбыз менен, мисалы, жакында биздин жалгыз камалган жараныбыз бошотулду. Бирок, кечээги митинг болобу же азыркы соцтармактардагы истерия бул эч кандай кыргыз улуттук кызыкчылыганда эмес. Мен ишенем, бизди кээ бир күчтөр атайын Кытай менен уруштуруп, андан алыстатууга аракет кылып жатышат. Мамилебиз салкындап, жолубуз буулуп, жаңы темир жол ачылбай, инвестиция келбей калса, биздин эгемендүүлүгүбүздү көрө албагандар сүйүнүшөт. Демек, биз кайрадан эле бутубузга тура албай, бир эле тараптан көз каранды болуп калабыз. Мен жаштарга кайрылат элем. Кызуу кандуулукка алдырбагыла. Кытайдын азыркы жашоо деңгээлин, өнүккөнүн көрсөңөр, ошондо түшүнөсүңөр, алар биздин азыркы учурдагы эң жакыр мамлекетибизге көчүп келели деген деле ойлору жок. Жанагы кээ бир саясатчылар айтып аткан «алтымыш миң кыргыз кыз кытайыга чыгыптыр» деген сөз дагы жалган. Көбүнчө таратылып аткан маалымат менен видеолор фейк. Муну атайын азыр кээ бир күчтөр таратып, кандайдыр бир козголоң уюштуруп, биздин өнүгүүбүзгө балта чапчулардын эки көзү төрт болуп турат. Мамлекет ушуга чара көрүп, чечкиндүү элге кайрыла турчу, ишенимге ээ фигуралары жок экени да белгилүү болуп калды. Мына азыркы өкмөттүн сөзү да өтпөйт элге. Ошон үчүн тымпыйып отурушат. Бийликтин абалы начар. Бирок бул жерде кеп алар жөнүндө эмес. Узак мөөнөттүү зыян келтирип албасак. Провокаторлорду, «защитниктерди» жоопко тартыш керек.
Булак: «Майдан»

Аргумент.kg