Изилдөө: “Ата Мекен” белгилүүлүгү боюнча партиялардын рейтингинде алдыда

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 

“Ата Мекен” саясий партиясы Кыргызстандагы белгилүүлүгү боюнча рейтингде КСДПдан кийинки экинчи орунда турат. Бул тууралуу Эл аралык Республикалык институттун изилдөөсүндө айтылат.
Биринчи орунда КСДП саясий партиясы (Кыргызстандын Социал Демократиялык Партиясы) – 43%, экинчи орунда бир аз гана айырмачылык менен “Ата Мекен” келе жатат– 42%, үчүнчү орунда “Республика” – 28%, андан соң “Ата Журт” – 27%.
Изилдөөгө ылайык, аймактар боюнча алып караганда “Ата Мекен” партиясы белгилүүлүгү боюнча Нарын облусунда жана Ош шаарында биринчи орунда турат. Ошондой эле “Ата Мекен” Бишкек шаарында, Чүй, Жалал-Абад, Талас, Ош жана Баткен облустарында лидерлердин үчтүгүнө кирген.

Белгилей кетсек, жогоруда айтылган партиялардын ичинен “Ата Мекен” менен “Республика” партиясы гана 2020-жылкы шайлоо жарышына аттанды.

Маалымат үчүн: Эл аралык Республикалык институту Кыргызстандын жашоочулары арасында 6-августтан 15-августка чейин сурамжылоо өткөргөн. 18 жана андан жогорку курактагы кыргызстандыктар берген маалыматтар негиз катары алынган. Маалыматтар Кыргыз Республикасынын Демографиялык жылдык жыйнагына ылайык, облус/шаар, калктуу конуштардын тиби, курактык жана гендердик категориялар боюнча иргелген.

Аргумент.kg