
Издөөдө жүргөн Тилекмат Куренов кыймыл түздү
16-үчтүн айы, 2023-ж // Саясат // Айпери ОсмоналиеваАктивист Тилекмат Куренов кыймыл түздү. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу билдирди:
«Урматтуу Кыргызстандыктар.
Бүгүнкү күнү өлкөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу, мамлекеттин бүгүнкүсүнө жана эртеңки келечегине кайдыгер эмес Кыргызстандын жарандары тарабынан “Күч” Бириккен Элдик Кыймылы түзүлдү. Бул кыймыл баардык жүрөгү “Мекен” деп соккон мекендештердики, жалпыбыздыкы.Элибиз тезинен бир муштум болуп ынтымака келип, чечкиндүү кадамдарга барбасак мамлекетибиздин баардык баалуу, стратегиялык рычагдарынан айрылып калуу коркунучу турат.Эки үй-бүлөнүн кландык башкаруусуна каршы туруп, саясий жана укуктук башаламандыктарга мындан ары жол бербеш үчүн биригип “Күч” боло турган учур келди.
Мамлекетибиздин келечегин, адилеттүү өлкө курабыз деген аруу максатыбызды мыйзамсыз бийлике тебелетпейли. Мындан ары кол куушуруп карап отурууга эч кимибиздин акыбыз жок.!»-деп жазды.