Исмаил Исаков, генерал: “Баткенде дагы чыр чыкса, бийликтегилер өз ыктыялары менен кетиши керек”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Исмаил аке, Кемпир-Абад боюнча камалгандардын мындан аркы тагдырлары кандай болот?

— Бул сурооңду бийлик өкүлдөрүнө берсең жакшы болмок, себеби, кармагандар алар, тергегендер да ошолор, бөгөт чараларын, кармалгандардын ден соолуктарына, жаш-карысына жана мамлекетке сиңирген эмгектерине карабай узарткан дагы алар. Ошондуктан кармалгандардын тагдырлары бийликтин колунда. Биз алардын бөгөт чараларын өзгөртүп, ачык сот процессин камсыз кылып берүүлөрүн сурандык, сунуш кылдык, талаптарды да айттык. Эгерде табигаттын мыйзамына таянып туруп айтсам, «жамандыктын артынан жакшылык…» деген сөз бар. Буюрса, эртедир-кечтир баары чыгышат, алардын көчөсүндө дагы майрам болот.

— Жаз жаңы эле башталды. Баткен жергесине чектеш тажиктер баягы эле жер, суу маселесин көтөрүп чыгышып, андан ары чырга айланбайбы?

— «Чыр чыкпайт» деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан чырды чыгарбоону алдын ала бийлик өкүлдөрү иштеш керек, бул алардын түздөн-түз милдеттери. Эгерде дагы бир жолу чырдын чыгышына жол берилсе, анда азыркы бийлик өз ыктыярлары менен кызматтарын таштап, элден кечирим сурап, кетиши керек. Себеби, алардын бийликте отургандарына баардык тараптан укуктары болбой калат, эл дагы кечирбейт. Азыркы күндө бизге өтө маанилүүсү элдин бейпилдиги, тынчтыгы, биримдиги жана мамлекетибиздин стабилдүүлүгү. Баарыбыз ушул багытта иш алып барууга умтулушубуз зарыл.

Сурат Жылкычиев  «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg