Иштин көзүн билбеген Эркин Тентишев президентке кайсы кеңешти айтат?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Чүй облусунун губернатору катары Эркин Тентишев алгылыктуу иштей албай койду. Элибиз баарына күбө. Өкүнүчтүүсү, өкчөсөң эле таа турган сыңарындай, Эркин мырза президенттин кеңешчиси кызматына жетишти. Муну кандайча түшүнөбүз? Же “упчу” берип, убактылуу кармоо менен кетиришеби? Түшүнүксүз. Дал ушундай чала кадр президенттин демилгелерине, жасап аткан иштерине көлөкө түшүрүп атпайбы! Кантип эле жармашып алды? Көз боочубу, дубалайбы? Чындыгына келсек, Тентишевди көпчүлүк жактырбай жатат, бийликти уят кылбай көнгөн бизнесине эле кетип калбайбы! Качанкыга чейин Садыр Жапаровду туш тарабынан ороп-ороп, адаштырууга ашыга берешет? Тазаланууга убакыт келди!

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg