Иштен бошотулган Азиз Алиевге кайрадан кызмат тийди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармалыгынын төрагасы алмашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон чечимдин негизинде Улукбек Кармышаков ээлеген кызматынан бошотулган. «Чечим «КР министрлер кабинети жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 13,17-беренелерине жана Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставынын 8-беренесинин 5-пунктуна ылайык кабыл алынган», — деп айтылат билдирүүдө.

Андан тышкары, Акылбек Жапаров кол койгон дагы чечимге ылайык, Аалиев Азиз Кубанычбекович Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармалыгынын төрагасы болуп 3 жылдык мөөнөткө дайындалды.

Аргумент.kg