Исхак Пирматовду Америкадан кармап келе алышабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кийинки учурларда кылмышка шектелген жогорку кенештин депутаттарынын кол тийбестигин алып салуу көп деле проблема жаратпай келет. Бирок дайым эле ушундай болгон эмес. КРнын Жогорку кеңеши эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары бир топ кылмышка шектүү депутаттарды сактап кала алган. Ошондой «Бактылуулардын бири» ЖКнын мурунку депутаты Исхак Пирматов болуп эсептелет. Укук коргоо органдары Пирматов Кыргызнефтигазды жетекетеп турганда коррупция аралашкан деп күнөөлөнгөн. Бирок ошол кезде аны кесиптештери кол тийбестигин алып салууда каршы чыгып коргоп сактап калышкан. Ал эми кийинки учурда «Кумтөр» алтын кени боюнча да коррупцияга шектелип соттолуп кетээрде тергөө менен кызматташууга барып чоң акча төлөп кутулуп кеткен.

Куйругунда калбыры бар экенин сезген Исхак мырза бир топ арам акчаларын чыгарып Америкага кеткен экен. Ал жакта азыр чоң бизнес ачып ити чөп жеп калган имиш. Бирок азырынча Кыргызстанга келе албайт. Келсе эле башка дагы жаны кылмыш иштери боюнча тузакка илинет. Эгер өзүнүн таза каражатына кайда болсо да бизнес кыла берсин каршылык жок. Бирок мамлекеттен жемкорлук менен чыгарып кеткен акча кайра мамлекетке кайтарылыш керек.  Болбосо Пирматовго окшогон «кыйындар» мамлекетти тоноп чет өлкөгө качып кете беришпейби. Тилекке каршы Пирматовго окшогон факты жалгыз эмес. Андай мамлекетти тоноп качып кеткендерди элибиз жакшы билет. Пирматовду кылмыш ишинин негизинде Америкадан экстрадиция кылып кармап келгенге бийликтин күчү жетсе керек. Ансыз деле бир далай кылмышка шектелгендерди чет өлкөдөн алып келген фактылары бар го…

Булак : Аргумент.кж

Аргумент.kg