Исхак Масалиев жолугушуу боюнча орчундуу пикирин билдирди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Дубайда өткөн экс-президенттердин жолугушуусу боюнча элибиздин белгилүү инсандары ой-пикирлерин билдире баштады.Алардын бири ЖКнын депутаты Исхак Масалиев ал бул жолугушуу боюнча бир топ сын пикирин билдирди. Ал фейсбук баракчасына төмөнкүдөй билдирүү кылды:

«Бираз шашып мурунку постту жазыптырмын… Караса Дубайда 6 киши бири-бирин эле кечириптир. Каалаганча кечире беришсин, өздөрүнүн иши. Бирок…  Кумтөрдү кайтаруу мезгилде Акылбек мырза айтпадыбы? Мурдагы президенттер ошол алтындан үлүш («доля») алышкан!,- деп. Өлкөнү талкалап, мамлекеттик мүлктү сатып, миллиондон ашык жарандарыбыз четке кетирген ким?

Аксыдагы атылган жарандарыбыз үчүн, 2010-жылы апрелде каза тапкан балдар үчүн, июнь окуясында 500 ашык жарандарыбыздын өлүмү үчүн, кыргыз тажик согушта 100 жакын балдарыбыз атылып кеткен үчүн КИМ ЖООП БЕРЕТ? Муну эмне кылабыз? Бир нерсеге макулмун, бирок кызматкерлерди, жакшы адисттерди мурунку президенттерге байлабай иштетсек…  Балким өз башы менен ойлонгонду үйрөнүшөт.

Ынтымак керек, турган иш. Бирок ал жалаң «чондорду» кечирүү эмес…»-деп жазды.

Ушул сыяктуу оң же терс пикирлерин коомчулуктун башка өкүлдөрү да билдирүүдө.

Аргумент.kg