Исхак Абсаматович, кара ниеттик кылбаңыз, биздин суранычыбызды туура түшүнүңүз!

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Баштары бирикпей ондогон партияларга чачырашкан байлык жана бийликтин партияларынын тытышы, шайлоолордон жеңилип калуу ызасы, шамалга сапырылган акчасы, кылгып турса да кызылдай киреше пайдасы, жалпысынан алганда, жоготконун кайтарып алуу далбасы баарына алып барат: эрки бош бейкүнөө бечаралар сатып алынат, анан кандуу кагылышуулар кайталанат. Бул өзү көзачыктык эмес, тарых барагы тастыктаган ачуу чындык.

Карапайым калк кимдерди ээрчийт: башы бирикпеген байлардыбы, таарынычы бүтпөгөн баягы эле “табакташтардыбы”? Алар алдай келишкен, мындан ары деле алдай беришет.

“Упалуу беттен кан тамса, убалы кимдин мойнунда? Сурмалуу көздөн жаш акса, ушул турган көпчүлүк, жашы кимдин мойнунда?!” демекчи, энелер ыйын ким тыят? Албетте, социализм! Кимдер баштап барышат? Албетте, катарлары тазаланып, кайрадан калыбына келген жумушчулардын партиясы – Коммунисттердин партиясы баштап барат. Биз өз бактыбызды өзүбүз колго алууга тийишпиз. Биз демократтардын жетелендисине калгыбыз жок. Биз аркы-беркини түшүнө жүргөн акыл-эстүү, ар-намыстуу адамдарбыз!

Урматтуу Исхак Абсаматович, сиздин мындан аркы иш-аракеттериңизге ийгилик каалайбыз. Эми партиялык жетекчиликтеги кызмат ордуңузду өткөрүп берүүңүздү суранар элек. Биздин суранычыбызды жигиттик кылып аткарып коюңуз (акыл-эстүү адамсыз). Партия жаңылансын, “Жаш келсе – ишке, кары келсе – ашка” демекчи, биздин суранычыбызды туура түшүнүңүз!

Сизди терең урматтоо менен Ырыскелди Ыбышев 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg