Иса Өмүркулов менен Туйгунаалы Абдраимов элдешти

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Өткөн жумада Иса Өмүркулов менен Туйгунаалы Абдраимов жолукту. Экөө буга чейинки таарынычтарын сууга салышып, майдабарат нерселерден бийик болушканы кубандырды. Пайгамбар жашына келишкенде жаңы дос табылмак беле?

Айрым бузукулардын айынан мамилелери салкындап калганын билчүбүз. Убагында элдешип алышканы дурус болуптур. Аксакалдык куракка келип калышканда жаштарга үлгү жаратып, жол көрсөтүшсө жаманбы?

Мансап, байлык колдун кири, бул жалганда сыйлашуудан өткөн мурас барбы? Эки дос үй-бүлөлүк тиричиликтен сырткары, мамлекеттин туруктуулугу, элдин келечеги боюнча да баарлашып, акыл калчашканы жакшы жышаан эмеспи…

Аргумент.kg