Ирина Карамушкина чагымчылдыгын койбоду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргыз тилин тынбай шылдыңдап, калпагыбызды эл аралык деңгээлде келекелеп келген депутат Ирина Карамушкина 27-ноябрдагы парламенттин жыйынында эски адаты менен албууттанып, өлкө башчысына импичпент жарыялоо маселесин көтөрдү. Бул аракети өлкөдө олку-солку кырдаалды түзүү менен барабар да. Тынч жаткан элди козутуп, удургутуунун өзү туурабы? 2010-жылга чейинки митинг-акцияларда дал ушул Кармушкина дагы кыйкырып жүрүп толкутуп, ондогон кыргыз жигиттери шейит кетти. Эмне өзгөрдү? Карамушкина менен Атамбаевдин байыганы болбосо, карапайым калк итке минген бойдон эле калбадыбы?
Эми дагы соксоңдогон Карамушкинаны ээрчип, өлкөнү өрткө чулгап, ондогон жигиттерден айрылалыбы? Албетте, Жогорку Кеңеште дагы «кара мышыктардын» такымына таш толгоп, тыйып койчулар бар экен. Карамушкинаны ордуна коюп коюшту. Айтсак, депутат Азамат Арапбаев бул иш Алмазбек Атамбаевдин учурунда болгонун эстетип, Карамушкинаны 7 жылга кечигип калганын белгилесе, Алмазбек Токторов ажылдаган Карамушкинаны абийирсиз деп атап, эл менен депутаттык корпуска чагымчылдык кылбоого чакырды-деп Де-факто гезити жазып чыкты

Аргумент.kg