Интернеттеги оюндан улам 10 жаштагы уулун 16 жолу бычактап салган

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

TikTokтогу оюндан улам акылынан ажыраган аял 10 жашар уулун бычактап салган. Бул тууралуу NUR.KZ агенттиги маалымдады.

Маалыматта, 3-ноябрь күнү Алматы шаарындагы ооруканалардын бирине саат 15 чамасында 16 жолу бычакталган оор абалдагы 10 жашар бала ооруканага түшкөн. Тез жардамды өспүрумдун чон атасы чакырган. Анын айтымында үйүнө келгенде дубалдын боорлору, жердин баары канга боелуп калган. Ал эми 10 жашар небереси жерде эс-учун жоготуп жаткан.  Дарыгерлер өспүрүм 16 жеринен жаракат алган. Бычак жонуна, мойнуна, колдоруна жана кекиртегине сайылган. Өспүрүмдүн абалы оор болгон. Ошондой эле айрым маалыматтарда баланын энеси үч күндөн бери өзүндө эмес болгон. Ал үйүндөгүлөрдүн баарын катып, TikTokтогу оюндун бир каарман аны өлтүрө турган болуп жатканын анын бири 10 жашар уулу экенин айта берген. Уулунан башка үйүндө жети жашар кызы да болгон. Кызын текшере келгенде анын денесинен эч кандай так таба алышкан эмес. Уулун бычактаган 37 жаштагы аялды соттук психиатриалдык текшерүүдөн өткөрүшүүдө. Ошондой эле убактылуу камоочу жайга киргизишти.

Аргумент.kg