Интернетте тараган аудиодо Сооронбай Жээнбеков депутат менен сүйлөшкөн, — Курманкул Зулушев
06-бирдин айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева
Бүгүн, 5-февралда башкы прокурор Курманкул Зулушевдин катышуусунда маалымат жыйыны өттү.
Анын жүрүшүндө журналист октябрдагы окуяларда экс-президент Сооронбай Жээнбековдун белгисиз бирөө менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү интернетке тараганын, белгисиз адам Зулушев деп айтылганын билдирип, анын чын-төгүнүн башкы прокурор Зулушевдин өзүнөн тактады.
«Депутат менен сүйлөшкөнү чындыгында чыккан. Бирок ал мен эмес. Биринчи күнү эле Зулушев менен сүйлөшкөн деп чыккан. А кийин баарына эле белгилүү болгон, ким экени. Эми, мен ал саясатчынын фамилиясын атабайын. Интернетте бар, кайрадан уксаңыздар, ким экенин билесиздер. Ал — депутат», — деди Зулушев.
Ал бул факт боюнча кылмыш иши козголбогонун билдирди.