Индустар мусулмандарга каршы «согуш» жарыялады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Делиде мусулмандар жашаган райондордо үч күндөн бери талоончулук уланууда. 27 адам каза болду, 200дөй адам жараат алды. Кечээки күн тынч өттү, бирок чыңалуу бар, -деп жазат Би-Би-Си.
Бийлик башаламандык орун алган райондорго аскер, полицияларды жиберди. Делиде мындай окуялар ондогон жылдардан бери орун ала элек болчу.
Кагылышуу жекшембиде башталган. Буга Инидияда бийликчил деп эсептелинген индуисттик улуттук партиянын лидери Капил Мишранын коркутуулары себеп болгон.
Мишра өз тарапташтарынын митингинде сөз сүйлөп, мусулмандар отурукташкан райондордо чогулууга үндөгөн. А мусулмандар жашаган аймактарда жарандык тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөргө каршы нааразылык акциялары өтүп жаткан.
Индия бийлиги Пакистан жана Бангладештен келген качкындарга, мигранттарга жарандык берүүнү тездетүүнү сунуштап жатат. Бир гана шарт — алар мусулман болбошу керек. Ошол эле учурда көпчүлүк штаттарда жергиликтүү мусулмандарга алар чындап эле Индиянын жараны экенин далилдөө сунушталууда. Эгер алар жарандыгын далилдей албаса, депортацияланат.
Мыйзам долбоору мусулман жамаатынын ачуусун келтирип, дискриминацияга каршы массалык митингдерди баштады. Индия бийлиги мыйзам долбоору мусулмандарга каршы эмес, азчылык өкүлдөрүн куугунтуктан коргоого багытталган дейт.
Индияда диний негиздеги акыркы башаламандыктар 1984-жылы орун алып, 3 миң киши набыт болгон эле.
Жаш жигиттер жолдо өтүп бара жаткандардан диниң кайсы деп сурап, бир журналистти ич кийимин чечүүгө мажбурлашкан, муну менен кишинин сүннөткө отургузулганын текшеришкен.

Аргумент.kg